Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Казакстан катаал карантин киргизүүнү көздөөдө


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт кайрадан карантин киргизүүнү сунуш кылып жатканын 1-июлда билдирди.

«Өкмөт 5-июлдан тартып 14 күнгө (балким узартылат) карантин жарыялоо тууралуу планын сунуш кылды. Эртең жыйындан кийин саламаттык сактоо министри түшүндүрмө берет» деп президент «Твиттерге» жазып, карантин узартылышы ыктымал экенин да белгиледи.

Эки күн мурда өкмөт мүчөлөрү менен видеожыйын учурунда Токаев өлкөгө катаал карантин киргизүүнү сунуш кылган.

Казакстанда 11-майда карантиндик чаралар жеңилдетилгенден кийин COVID-19 илдетине чалдыккандар кескин көбөйгөн.

Өлкөнүн жаңы дайындалган саламаттык сактоо министри Андрей Цой төрт апта толук чектөө гана «өлкөнү катастрофадан сактап калат» деп билдирген. Мындай болгондо августтун аягына карай абал турукташып, күнүнө 2,5 миң учур катталарын белгилеген.

Министрлик эгер эки апта карантин киргизилсе, жугузуп алгандар күнүнө жети миңге чейин жетерин болжолдоодо.

1-июлга карата Казакстанда коронавируска чалдыкканы аныкталгандар 41 миң кишиге жетти. Алардын арасында вирус жугузуп алып, бирок симптому ачык билинбегендер да бар.

XS
SM
MD
LG