Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Казакстан 5-июлдан тартып катаал карантинге кайтат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда коронавируска каршы күрөш боюнча өкмөттүк комиссия «эпидемиологиялык жагдайды жөнгө салыш үчүн» 5-июлдан тартып кеминде эки жумалык катаал карантин киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага ылайык, эл көп катышуучу иш-чараларды өткөрүүгө, жоон топ болуп жүрүүгө, көчөлөрдөгү кыймылга чектөө киргизилет. Парктарда үч адамдан көп чогулууга болбойт. Аймак аралык жана эл аралык аба каттамдар, темир жолдогу кыймыл толугу менен токтобойт, бирок бир катар чектөөлөр киргизилет.

Мекеме-ишканалардагы жамааттын бери дегенде 80% аралыктан, үйлөрүнөн иштеши керек. Медициналык жайлар алдын-ала жазуу тартиби менен гана кабыл алат. Сулуулук салондорунун, спорт мекемелеринин, жабык базарлардын ишине да убактылуу тыюу салынышы ыктымал экени кабарланды.

Казак премьер-министри Аскар Мамин мындай карантиндик чаралар жагдайга жараша дагы узартылышы же дагы катаалдашы мүмкүн экенин эскертти.

Казакстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 1,5 миңдей адамдан табылды. Бул илдетти 42,5 миң киши жугузуп алып, 188 бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG