Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Жолдубаева: адвокаттардын арасында вирус жугузуп алгандар бар экенине карабай, сот 3-июлга белгиленди


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Кундуз Жолдубаева.

Кой-Таш окуялары боюнча буга чейинки сот жараяны 1-июлга белгиленип, бирок болбой калган.

Буга айыпталып жаткандардын кызыкчылыгын коргогон алты адвокаттын сотко келбей жатканы себеп болгон. Бул тууралуу айыпталып жаткандардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, 1-июлдагы жараянда ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков айрым адвокаттар COVID-19 жугуп алганын кабарлап, кийинки сотту 3-июлга койгон. Кайсы адвокаттар ооруп жатканын айткан эмес.

Кой-Таш окуясында каза болгон УКМКнын атайын бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоп келген адвокат Кайрат Загибаев 2-июлда пневмониядан кайтыш болду.

Жолдубаева жараянга катышып жаткандардын баарынын ден соолугу коронавируска байланыштуу коркунучта экенин айтып, соттун бул чечимине нааразы болууда:

«Залда бир эле учурда 50гө чейин киши отурат. Алардын баарын изоляцияга алыш керек эле да».

Соттон бул билдирүү боюнча комментарий алууга мүмкүн боло элек. Буга чейинки жараянда мамлекеттик айыптоочу соттолуучуларга айыбын угуза баштаган.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт баш-аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн аталган фактыларга күнөөлүү деп эсептеп келет. Атамбаев баштаган айыпталуучулар болсо аны төгүндөп жүрөт. Ишти сот жабык карап жатат.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG