Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Жоболоңдуу илдет, жоопкерчиликтин жүгү


Бишкек шаарындагы күндүзгү стационардык борбор. 6-июль, 2020-жыл.
Бишкек шаарындагы күндүзгү стационардык борбор. 6-июль, 2020-жыл.

Кыргызстан коронавирус пандемиясына байланыштуу кайрадан өзгөчө абал режимин киргизбейт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек экенин билдирип, облус аралык каттамдарды чектөө мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.

Буга чейин дарыгерлер COVID-19 аймактарга жайылып кете турган болсо, абал азыркыдан дагы оорлошо турганын айтышкан эле. Президенттин чектөөлөр боюнча пикири мындай болду:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Азыр айрымдар катуураак карантин тартибин киргизүүнү сунуш кылышууда. Кырдаалга байланыштуу Республикалык штаб сунуштарды киргизиши керек. Азыркы кырдаалда облус аралык транспорт каттамдарын токтотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылабыз. Мен Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай массалык салтанаттуу иш-чараларга расмий түрдө тыюу салуу боюнча кайрылдым эле. Менимче, республикалык штаб бул маселе боюнча өзүнчө расмий чечим кабыл алса туура болот».

Мамлекет башчы профилактикалык иш-чаралардын жоктугунан улам калк арасында дүрбөлөңгө жол берилгендиги үчүн өкмөттүн ишин да сындады.

Коронавирус боюнча кырдаал курчугандан бери биринчи жолу өтүп жаткан Коопсуздук кеңешининин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун өзгөчө абал киргизүүнү сунуштайбы пикирлер болуп жаткан.

Өзгөчө абал кирбей турганын премьер-министр Кубатбек Боронов ​7-июлда өткөн онлайн-брифингде ырастады. Ал экономиканын көпчүлүк тармактарынын ишин токтотууга алып келчү катуу чектөөнү кайрадан киргизүү ишканаларга жана элдин жашоосуна терс таасирин тийгизерине токтолду.

Ал инфекциянын жайылышынын алдын-алуунун жана токтотуунун бир гана жолу бар экенин, ар бир адам ички тартипти жана санитардык нормаларды бекем сакташы керек экенин билдирди:

«Баарын эле токтотуп, тыюу салуу жолу менен маселени чече албайбыз. Коронавирус оорусунун биринчи толкунунан чыгып бүтө элекпиз. Дүйнө жүзүндө алдыңкы илимпоздор «экинчи толкуну бар» деп жатышат. Эгер күзүндө экинчи толкуну келе турган болсо, биз ага даяр болушубуз керек. Андай болбой эле койсун, бирок азыртан пландарды түзүп жатабыз».

7-июлда Бишкектеги бир катар соода борборлору, "РИОМ" автоунаа базары да коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин карантинге жабыла турганын билдиришти. Аталган жайлар кайра качан иштей баштай турганы так айтылган жок.

Ооруканалар курулбаса абал чатак...

Жарандык активист Шайырбек Маматокторов өкмөт президенттен толук көз каранды болгондуктан, өз алдынча чечим кабыл ала албай турганын айтат. Ошондуктан, анын пикиринде, жоопкерчилик бат алмашкан өкмөткө эмес, бийликтин туруктуу бутагы катары эсептелген президентке жүктөлөт.

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

«Азыркы кырдаал үчүн президент жооптуу, - деди ал. - Бороновго бир нерсе десең келгенине бир ай болгонун айтат. Абылгазиев болсо «мен кетип жатканда баары жакшы болчу» деп кутулары турган иш. Анын үстүнө кадр маселесин, чечимдерди президент көзөмөлдөп жатканы көрүнүп турат. Сооронбай Жээнбеков өкмөттү, Саламаттык сактоо министрлигин сындаганын токтотподу. «Мени уят кылбай, жакшылап иштегиле!» деген куру сөздөн эмне пайда чыгат? Андай болсо Бороновду, министрди иштен кетирбейби?»

Акыркы жарым жыл ичинде кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясын жүйө келтирип, эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлөрдөн жалпысынан 291,9 млн. доллар акча алды. Анын көпчүлүк бөлүгү бюджетти колдоого жумшалганы айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев бир оорукана кура албаган мамлекеттин абалына кейип жатат.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Биз мамлекет катары барбызбы? - деп суроо салды ал. - Кыргыз өкмөтү бүт дүйнөдөн жардам сурап жатат. Бул кадамы менен кайырчынын образын жаратууда. Анткени кошуна өлкөлөрдөн катардагы градусниктен баштап болор-болбос дарыларга чейин сурап жатабыз. Өкмөттүн эч нерсе кылбай жүргөнү, чабал болуп жатканы баарыбызды кейитет. Кийинчерээк жоопкерчилигин карап, ар бир тыйындын эсебин алганга милдеттүүбүз».

6-июлда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакыртылды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) маалыматына караганда, Космосбек Чолпонбаев айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын сүрөө жана Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол берүү фактысы боюнча сурак берет. Бул коронавирус пандемиясы башталгандан берки COVID-19га каршы күрөштө суракка чакырылган биринчи эң жогорку кызмат адамы. Ал кызматтан 1-апрелде алынган.

Кыргызстанда Коронавируска каршы ыкчам штаб 25-январда түзүлгөн, COVID-19дун алгачкы учуру болсо 18-мартта катталган. Республикалык штаб иштей баштаган күндөн алты ай убакыт өткөндөн кийин, 5-июлда Бишкек мэриясы баш калаада күндүзгү стационардык борборлор ачылганын кабарлады.

Мурдагы мамлекеттик кызматкер Максат Чакиев өкмөт бүгүнкү күн менен жашап жатат деген ойдо.

Максат Чакиев.
Максат Чакиев.

«Март, апрель айында элди ун, макарон менен алдагандай эле көрүнүш болуп жатат, - деди ал. - Стационардык борборлордо дарыланып жаткан орто абалдагы бейтаптардын ден соолугу начарлап кетип жатат. Себеби стационарлар мектептерге, спорт залдарга ачылып жатат. Ал жерде аба алмашпайт, ооруканага ылайыкташкан эмес. Бейтаптарды коштоп келгендер ошол жерден илдет жугузуп жатышат. Суук түшкөндө кандай болот? Элди спорт залдын ичине шыкай беребизби? Өкмөт стратегиялык жактан ойлонуп, алдыдагы бир жылдын камын көрүшү керек. Клиникалар, госпиталдар курулмайынча, бул илдетти жана өлүм-житимди токтото албайбыз».

Кыргызстанда жалпысынан 18-марттан 6-июлга чейин коронавирус 7691 адамдан табылды, алардын ичинен 92 бейтап кайтыш болду, 2843 бейтап айыгып кетти. Өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандар да көбөйүүдө. Март айынан бери бул илдеттен 195 бейтап көз жумду. Азыр ооруканаларда коронавирус болгон 625, пневмония болгон 2,5 миңдей бейтап жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG