Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Бүбүкан Досалиеванын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди


Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиеванын сөөгү 7-июлда Бишкектин «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Маркум менен коштошуу зыйнатына туугандары, кесиптештери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз, саясат таануучу, саясий илимдердин кандидаты Бүбүкан Досалиева 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

«Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланышта. Ал 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, телеберүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп келди.

Бүбүкан Досалиева эмгек жолунда журналисттик кесибине илимий-педагогикалык ишти да айкалыштырды.

Анын чынчылдыгы, чечкиндүүлүгү, акылгөйлүгү, иштермандыгы кийинки муунга өрнөк болуп калары калетсиз.

XS
SM
MD
LG