Президенттин жарлыгы менен быйыл 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо мөөнөтү аяктады.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-июлда жарыялады. Маалыматка караганда, шайлоого катышуу максатын билдирип, документтерин тапшырган 42 партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттоодон өттү.
Дагы эки саясий партиянын документтери каралып жатат.
БШК 9-июлда шайлоого катышкысы келген партиялардан документ кабыл алуу мөөнөтү аяктаганын жарыялаган. Ага ылайык, кезектеги парламенттик шайлоого катышуу үчүн 44 саясий партия документтерин тапшырган.