Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Белгилүү агартуучу Гайша Ибрагимова дүйнө салды


Гайша Ибрагимова
Гайша Ибрагимова

Билим берүү министринин мурдагы орун басары, Бишкектеги “Илим” билим берүү комплексинин жетекчиси Гайша Ибрагимова 69 жаш курагында дүйнө салды.

Гайша Ибрагимова пневмония болуп, бир нече күн мурун ооруканага жаткырылган.

Ал Кыргызстандын билим берүү тармагында бир топ долбоорлорду ишке ашырып, агартуу тармагына зор салымын кошкон.

Ибрагимова 2004-жылдан 2005-жылга чейин билим берүү министринин биринчи орун басары, кийин аталган министрликтин статс-катчысы болуп иштеген.

Өмүрүн агартуу ишине арнаган мекендешибиз эгемен Кыргызстанда алгачкылардан болуп жеке менчик билим берүү мекемесин түптөп, балдарды заманбап технологиялар менен окута баштаган. Ал Билим берүү мекемелеринин бирикмесин жетектеген.

Гайша Ибрагимова Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, 1975-жылдан бери билим берүү тармагында иштеп келди. Ибрагимова Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги.

Өмүрүн билим берүүгө арнаган Ибрагимова Кыргызстанда президентикке аттанган алгачкы аял талапкерлердин бири болгон. Ал 2005-жылкы жана 2011-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкерлигин койгон. 2005-жылы Борбордук шайлоо комиссиясы Ибрагимованы талапкерлердин тизмесине кошуудан баш тарткан.

Гайша Ибрагимованын уулу Шамил Ибрагимов «Сорос-Кыргызстан» фондун жетектейт.

«Азаттыктын» эмгек жамааты Гайша Ибрагимованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG