Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:35

Си Цзинпинди сындаган профессор иштен алынды


Кытайдын лидери Си Цзинпинь. 23-апрель, 2019-жыл.
Кытайдын лидери Си Цзинпинь. 23-апрель, 2019-жыл.

Бээжиндеги Цинхуа университетинде укук боюнча сабак берген Сюй Чжанжун Кытай лидери Си Цзинпинди жана бийликтеги Коммунисттик партияны ачык сындаганы үчүн иштен алынды. Буга чейин ал бир жума абакта отуруп чыккан.

Профессорду июлдун башында полиция кармап кетип, алты күндөн кийин, 12-июлда гана үйүнө кайткан. Ал досторунун бирине жиберген смс катта иштен чыгып калганын жазган.

Бул тууралуу Сюйдун досу, журналист Гао Юй билдирди. Университет бул боюнча комментарий бере элек. Сюй жыл башында чет элдик сайттарда жарыяланган макаласында Кытай өкмөтүнүн коронавирус пандемиясына каршы жүргүзгөн аракетин сынга алган. Ал Кытай бийлигинин маалыматты жаап-жашырганы коронавирустун жайылышына шарт түзгөнүн жазган.

Коронавирус алгач былтыр декабрда Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Кошмо Штаттар да Бээжинди оорунун жайылышы боюнча чыныгы кырдаалды жашырганы үчүн айыптап келет. Кытай мындай дооматтарды такай четке кагат.

XS
SM
MD
LG