Сагынбек Абдрахманов башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Борбордук шайлоо комиссиясын (Боршайком)сотко бергени жатат. Бул тууралуу Сагынбек Абдрахманов өзү “Азаттыкка” маалымдады. Ал партияны каттоо чечиминен баш тарткандыгы тууралуу БШКнын чечимин 15-июлда алганын белгилеп, юристтер арыз даярдап жатканын билдирди:
“Административдик сотко беребиз. Эмненин негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы бизди каттаган жок? Негиздеген соттун чечими болуш керек. Бир жарым жылдан бери эч ким мени менен соттошкон жок. Юстиция министрлигинде ким турат каттоодо? Мен турам. Анвар Артыков турбайт”, - деди Абдрахманов.
13-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) Абдрахманов жетектеген «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» (КСДП) саясий партиясынын парламенттик шайлоого карата өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан. 13-июлдагы отурумунда КСДПнын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахмановду көрсөткөн тараптын жана бул партиянын лидери деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тааныган тараптын арыздары каралган. Боршайкомдун төрага орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, эки тараптын соттук териштирүүлөрү аягына чыга элек болгондуктан, бул партиядан өкүлдөрдү каттабай туруу тууралуу чечим 13-июлдагы отурумда кабыл алынган.
Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келди. Бул кызматты ал быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген. Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда.
Кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирди. БШК азыр алардын документтерин текшерип, ошонун жыйынтыгына жараша ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алып жатат. (TSh)