Азербайжандын коргоо министрлигинин Армениянын АЭСтерине чабуулуна байланышкан опузасы тууралуу мамлекеттик Azertag агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Вагиф Даргяхлы кыйытып кеткен.
Маалымат агенттиги анын “Армения биздин армиядагы жаңы ракеталык системалар бар экенин унутпашы керек. Ракеталар Мецамор АЭСин толук талкалап, Армения үчүн чоң капсалаң алып келиши мүмкүн”, - деген сөзүн жазды. Бул сөздү Даргяхлы Армения Азербайжандын "Мингечевир" суу сактагычына чабуул коюу коркунучу тууралуу суроого жооп берип жатып айткан.
Армениядагы "Мецамор" АЭСи 1976-жылы ишке киргизилген. Станция өлкөдөгү электр энергиянын үчтөн экисин иштеп чыгат.
Армения менен Азербайжандын чек арасында 12-июлда башталган атышууда эки тараптан жалпысынан 16 адамдын өмүрү кыйылды. Аймакта бир суткадай тыныгуу болуп, бейшемби таңда атышуулар кайра уланды жана буга байланыштуу эки коңшу мамлекет бири-бирин айыптап жатат. Түштүк Каваказдагы эки коңшу өлкө буга чейин Тоолуу Карабактан улам жаңжалдашып келген.
Соңку чек ара кагылышы Тоолуу Карабактан алыс аймакта орун алды жана буга чейин бул жерде мындай окуялар сейрек катталчу.