Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Муфтий: ыктыярчы Адинай мекенге баатырларча кызмат кылды


Адинай Мырзабекованын жакындары. 2020-жыл, 20-июль.
Адинай Мырзабекованын жакындары. 2020-жыл, 20-июль.

19-июлда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушев Бишкекте каза болгон ыктыярчы студент кыз Адинай Мырзабекованын үйүнө барып куран түшүрүп, ата-энесине көңүл айтты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.

Муфтий ыктыярчы стунденттин жакындарына кайрат айтып, Адинай Мырзабекованын элине кылган кызматын баатырдык деп атады.

“Адинай карындашымдын мекен үчүн кылган кызматы - бул анын баатырдыгы. Азыр ак халатчан дарыгерлер, ыктыярчылар адам өмүрү менен күрөшүп, өздөрүнүн ден соолугуна карабастан күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Бул чоң эрдик жана баатырдык”, - деди.

Токтомушев жакын санаалаштарынын атынан Мырзабекованын ата-энесине 200 миң сом жардам көрсөттү.

15-июлда президенттин жарлыгы менен Мырзабековага “Эрдик” медалы ыйгарылган. Медакадемиянын 5-курсунун студенти, 22 жаштагы Мырзабекова Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы катары иштеп жүрүп каза болгон. Саламаттык сактоо министрлиги баштапкы маалыматка таянып, ыктыярчы кыздын өлүмүнө пневмония себеп болгонун жарыялаган.

Июль айынын башында Бишкекте ооруканаларда орун жок калып, шаар бийлиги кошумча күндүзгү стационарларды ачкан.

Өкмөт дарыгер жок болуп жаткандыктан, медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG