Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Президент Орусиядан Кыргызстанга келген дарыгерлердин жетекчиси менен жолугушту


Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиядан Кыргызстанга келген дарыгерлердин жетекчиси менен жолугушуу учуру. 24-июль, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиядан Кыргызстанга келген дарыгерлердин жетекчиси менен жолугушуу учуру. 24-июль, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июлда Орусия Федерациясынан Кыргызстанга келген медициналык топтун жетекчиси — Башкортостан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов менен жолугушту.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, кездешүүгө Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана Орусиянны Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) Вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная да катышты.

Жээнбеков орусиялык адистерге өлкөдөгү татаал мезгилде көмөк көрсөтүү максатында келгендери үчүн ыраазычылык билдирип, Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү катары коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө баа жеткис жардам берип жаткандыгын белгиледи.

Евгений Кустов Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу биргелешип аракет көрүүнүн тийиштүү планы иштелип чыккандыгын маалымдады.

Оруси элчиси Николай Удовиченко эки мамлекет башчысынын келишимине ылайык, Орусия тарап Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүүсүн улантып жатканын белгиледи. Ал медиктердин артынан Бишкекке жалпы наркы 150 млн. рублдик дары-дармектер менен медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардамдын келиши күтүлүп жаткандыгын маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө россиялык адистердин тобу Кыргызстандын облустарындагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөндүгү айтылды.

23-июлда Башкыртстандан 50 дарыгер коронавируска каршы күрөшүүгө кол кабыш кылуу үчүн Кыргызстанга жардамга келген. Анын алдында, 22-июлда Орусиядан 20 аскердик дарыгер Кантка түшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG