Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду


Азимжан Аскаров сот залында, 10-январь, 2017
Азимжан Аскаров сот залында, 10-январь, 2017

Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду.

Бул тууралуу «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирип, маалыматты акыйкатчы Токон Мамытов ырастады.

Анын сөзү боюнча, Аскаров каза болгону тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) 25-июлда маалымат келген.

«Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан дагы кошумча маалыматтарды алып жатабыз. Эми Аскаров эмненин негизинде каза болгону тууралуу медициналык кароонун жыйынтыгын күтүшүбүз керек», - деди Мамытов.

Жаза аткаруу кызматы укук коргоочунун өлүмү тууралуу маалымат бере элек.

№19 абакта отурган Азимжан Аскаровду «Тез жардам» кызматы 24-июлда №47 абакка жеткирген.

Укук коргоочу катуу ооруп жатканын буга чейин анын адвокаты Валерьян Вахитов, эл аралык «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Даниил Кислов, дүйнөлүк Front Line Defenders уюмдары кабарлаган. Алар Азимжан Аскаровду ооруканага чыгарууну, ал боюнча соттун чечимин жокко чыгарып биротоло бошотууну талап кылышкан.

21-июлда Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын адистери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №19 абагында отурган Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышып чыкканын, анын дене табы көтөрүлүп жатканын маалымдаган.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында «массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан» деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар бийликти ишти кайра карап, укук коргоочуну эркиндикке чыгарууга чакырган. Аскаров өзүнүн күнөөсүз экенин билдирип келген. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG