Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:31

ЖАМК: Аскаровго алдын ала «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлган


Азимжан Аскаров. 2011-жыл.
Азимжан Аскаров. 2011-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү тууралуу маалымат берди. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, Аскаровго алдын ала «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлган. Ал 24-июлда жазасын өтөп жаткан №19 абактан №47 түзөтүү мекемесине «Тез жардам» менен жеткирилип концентраторго жаткырылган.

«Анын сатурациясы 80-83 көрсөткөн. Бирок ал каршылык көрсөтүп, кислороддук концентратордун маскасын айрып салган. Аскаров нөөмөттөгү дарыгердин көзөмөлүндө болчу. 25-июль эртең мененки саат 9:30да Аскаров кайра кислороддук концентраторду өчүрүп салган. Саат 10:30 каза болгону аныкталды. Анын дарылануудан баш тартканы тууралуу тиешелүү актылар түзүлдү. Аскаровдун сөөгү Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлдү жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн соң эмнеден каза болгону тууралуу так маалымат берилет», - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Укук коргоочу катуу ооруп жатканын буга чейин анын адвокаты Валерьян Вахитов, эл аралык «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Даниил Кислов, дүйнөлүк Front Line Defenders уюмдары кабарлаган. Алар Азимжан Аскаровду ооруканага чыгарууну, ал боюнча соттун чечимин жокко чыгарып биротоло бошотууну талап кылышкан.

21-июлда Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын адистери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №19 абагында отурган Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышып чыкканын, анын дене табы көтөрүлүп жатканын маалымдаган.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында «массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан» деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин ишти кайра карап, укук коргоочуну эркиндикке чыгарууга чакырган. Аскаров өзүнүн күнөөсүз экенин билдирип келген. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG