Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-сентябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:05

Медкызматкерлерден коронавирус аныкталган учурлар кайра көбөйдү


Пандемия күчөп турган кезде дарыканаларда кезекте турган эл. Жалал-Абад шаары. 13-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир сутка ичинде дагы 37 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 6-августтагы брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, вирус жугузуп алган дарыгерлердин 13ү Ош шаарында, дагы 13ү Жалал-Абад облусунда, экөө Ош облусунда, алтоо Баткен аймагында, экөө Ысык-Көл дубанында, бирөө Нарын облусунда катталды.

Бир суткада беш медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Августтун башынан берки статистикада вируска чалдыккан медкызматкерлердин азайганы маалымдалып жаткан.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери COVID-19 лабораториялык жол менен аныкталган медиктердин саны 2911ге жетти.

Алардын 70тен ашууну каза болгону, 1973ү айыкканы расмий маалымдалды.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG