Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Путин менен Лукашенко «вагнерчилер» тууралуу сүйлөштү


Владимир Путин менен Александр Лукашенко.
Владимир Путин менен Александр Лукашенко.

Орусия менен Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко 7-августта телефон аркылуу сүйлөштү. Беларус президентинин басма сөз кызматы бул сүйлөшүү Кремлдин демилгеси менен болгонун, анда Минскиде кармалган орусиялык жарандарга байланыштуу жагдай талкууланганын кабарлады.

«Путин менен Лукашенко окуянын чын-бышыгына жетип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тууралуу макулдашты», деп жазылат бул маалыматта.

Мунун алдында Лукашенко өлкөнүн башкы прокуроруна Минскинин алдынан кармалган орус жарандарына байланыштуу Орусия менен Украинадан кесиптештерин чакырууну, бул ишти чогуу иликтөөнү тапшырган. Киев кармалгандардын арасынан Донбасстагы куралдуу кагылыштарга катышкан адамдарды Украинага өткөрүп берүүнү өтүнгөн жана Лукашенко буга даяр экенин айткан.

Өткөн айдын аягында беларус атайын кызматы Минскиге жакын жерден Орусиядагы «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жалданма аскерлери болушу ыктымал деген 33 адам кармалганын билдирген. Аларга Беларуста президенттик шайлоонун алдында массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүп жатышкан деген айып коюлган.

Москва болсо мындай дооматты четке кагып, «алар Минск аркылуу башка өлкөгө бараткан» деп билдирүүдө.

Буга чейин «Вагнердин жеке аскердик компаниясы» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Бирок Пригожин да, Кремль да мындай аскердик түзүмдөр бар экенин расмий түрдө ырастаган эмес.

XS
SM
MD
LG