Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

УКМК: ИИМдин кызматкерлери 2000 доллар пара менен кармалды 


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Күзөт кызматынын 3-батальонунун командири, милициянын подполковниги жана анын орун басары, милициянын лейтенанты 8-августта кол алдындагылардан акча алган учурда кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берененин экинчи пункту ("Пара талап кылуу") менен каттоого алынган.

Сотко чейинки териштирүүдө кармалгандар кол алдындагылардан жумуш ордунда калтыруу үчүн 2000 доллар талап кылганын, аны берүүдөн баш тартса ички иштер органдарынын кетирерин айтып, опузалаганы белгилүү болгон. Кармалгандар УКМКнын Тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө уланып жатканы кабарланды.

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG