Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Иштен алынган офицер ИИМ менен соттошот


Бишкектеги блокпостто турган милиция кызматкери.
Бишкектеги блокпостто турган милиция кызматкери.

Карантин учурунда мас болуп жүргөнү айтылган милиция кызматкери "куру дооматка кабылдым" деп, жетекчилик менен соттошо турганын билдирди.

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматында иштеген подполковник Нурлан Керкибаев "жумуш маалында алкоголь ичип, тартип бузган" деген негизде 5-апрелде жумуштан бошотулган. Аны менен кошо эки кесиптеши иштен алынган.

Алардын да аты-жөнү “Азаттык” радиосуна белгилүү, бирок азырынча өздөрүнөн комментарий ала албагандыгыбызга байланыштуу ысымдарын атай албайбыз.

Керкибаевдин айтымында, үчөө 3-апрелде кечки саат ондордо Чүйдүн Маевка айылында патрулдан келатып, түндө көчөдө машинеси бузулуп калган жергиликтүү тургунду үйүнө жеткиришкен.

Ал адам автоунаада жөтөлүп-чүчкүргөн. “Коронавирус коркунучунан улам антисептикти көп өлчөмдө сээп, кайра келатканыбызда Cокулуктагы постто Жол коопсуздугунун кызматкерлери токтотту”, - дейт Керкибаев.

Аларды алкоголь ичкен деген шек менен Бишкектеги Наркология бөлүмүнө алып келишкен.

"Ал жерден бизди видеого тарта башташты. Тасмага тарткандардын бири жарандык кийимчен, экинчиси улук лейтенант болчу. Мен ага нааразы болуп, каршылык көрсөттүм. Анткени, мен видео коомчулукка тарап, милициянын беделине шек келишин каалаган жокмун. Текшерүү бүткөндөн кийин тарап кеттик",- деген Керкибаев эки күндөн кийин шериктери менен кошо жумуштан алынганын билдирди. 9-апрелде алардын Наркология бөлүмүндөгү учуру тартылган видео Интернетке тарап кеткен.

Нурлан Керкибаев министрдин колунан сыйлык алып жаткан учуру. Сүрөттү "Азаттыкка" Керкибаев өзү жөнөттү.
Нурлан Керкибаев министрдин колунан сыйлык алып жаткан учуру. Сүрөттү "Азаттыкка" Керкибаев өзү жөнөттү.

Керкибаев муну атайын жасалган карөзгөйлүк катары сыпаттап, жарандык кийимчен адамдын постту кайтарганы жана уруксатсыз видеого тартканы туура эместигин айтууда.

Ал ишти бас-бас кылууга пара бербей койгону үчүн куру дооматка кабылып жатканын белгилеп, бир катар сүйлөшүүлөр болгонун кошумчалады.

Ал бул иштин башында тургандардын бири деп Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын жетекчисинин орунбасары Конок Өскөнбаевдин атын атады.

Өскөнбаев азыр күч кызматтарынын ортосунда түзүлгөн Мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү. Алар коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал учурунда коомдук тартипке көз салышууда.

Ал Керкибаевдин дооматын четке кагып, кызуу экени атайын текшерүүдө аныкталганын, министрлик аларды эрежеге ылайык жумуштан алганын билдирди:

"Булар маселени чечүү үчүн сотко кайрылсын. Биздин аракеттерибиз мыйзамсыз болсо, сот аныктасын. Ошого жараша чечим чыгат", - деди Конок Өскөнбаев.

Нурлан Керкибаевди жана анын эки кесиптешин кызматтан алуу тууралуу Ички иштер министрлигинин чечими 19-апрелде күчүнө кирет. Ага чейин Жогорку Кеңешке, президентке да кайрылып, сотко арыз жазышмакчы.

Керкибаев милицияда 25 жылдан бери иштейт. Мурдагы баш прокурор Аида Салянованын инисинин өлүмүн, "Манас" аэропортунун аймагында өлтүрүлгөн ишкердин окуясын жана башка бир катар резонанстуу иштерди иликтеген. Ал “эмгегим бааланбай, эки күндүн ичинде жумуштан алып салышты”,- деп нааразы.

Эдил Осмонбетов.
Эдил Осмонбетов.

Талдоочу Эдил Осмонбетов бул көрүнүштү кыргыз милициясында көп жылдан бери айтылып, бирок ишке ашпай келе жаткан реформанын бир көрсөткүчү катары сыпаттады:

"Карантиндин өзү эгемен Кыргызстанга берилген тест болду. Ички иштер министрлигиби же башка органдарбы, алардын чыныгы дарамети ушул өзгөчө абал учурунда сыналат. Мыйзам жагынан алардын ыйгарым укуктары кеңейет. Өз ара ар кандай түшүнбөстүктөр чыгышы боло турган иш".

Ички иштер министрлиги жогорудагы жагдай иликтенип жатканын билдиргени менен иштин чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат бере элек.

COVID-19 вирусунун Кыргызстанга жайылып кетишинин алдын алуу максатында Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Нарын шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Ат-Башы жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, саат 21:00дөн 6:00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Башка аймактарда өзгөчө кырдаалга байланыштуу чектөөлөр бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG