Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Казак полициясынын "бандалары"


"Биз - бандабыз" деген видеодон скриншот.
"Биз - бандабыз" деген видеодон скриншот.

Казакстанда кесиптештерин куттуктап жатып, аларды «банда» деп атаган ИИМ академиясынын кызматкери иштен айдалды.

31-декабрда тартылып, 1-январда Интернетте тараган видеодо форма кийген адамдын кесиптештерин куттуктап жатканы тартылган.

«Урматтуу агаларым, 2019-жылыңар менен куттуктайм! Жети тукумубузга чейин өнүгүп-өсүүнү каалайм, неберелерибиз биздин байланыштарды колдонушсун. Антибиотиктин сөзүнө кошулам (орусиялык «Бандитский Петербург» телесериалынын каарманы, - ред.). Биздин достук чын жүрөктөн. Биз эрдиктерди жөн гана жасаганбыз, анткени, биз братвабыз. Орой айтканда, "бандабыз". Казакстан жана биздин үй-бүлөлөр өнүгүп-өссүн!», - дейт ал.

Анын сөзүн курсанттар "ураалап" колдоого алганы да видеого түшүп калган.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин билдиришинче, видеону Карагандадагы Баримбек Бейсенов атындагы ИИМ академиясында иштеген А.Тастайбеков аттуу адам тарткан.

Мындан кийин министрлик мамлекеттик кызматтын беделине шек келтиргени үчүн Тастайбеков жумуштан алынганын кабарлаган. Андан тышкары окуу жайдын жетекчилигине сөгүш жарыяланган.

Социалдык тармактарда жайылып кеткен видеодо полиция кызматкеринин «биз братвабыз, бандабыз» деп айтканы казак коомчулугун дүрбөлөңгө салды. Учурда ИИМди реформалоо талаптары кайрадан көтөрүлүп жаткан чагы.

Казакстанда тартип сакчыларынын ишине нааразылык былтыр жай айында Олимпиаданын коло медалынын ээси Денис Тен киши колдуу болуп өлгөндөн кийин күч алган.

1997–2000-жылдары коргонуу министринин идеологиялык жана социалдык-укуктук иштери боюнча орун басары болуп иштеген, генерал Амирбек Тогусов видеодо полиция кызматкери аша чаап кеткенин айтты.

Болочок офицерлерди даярдаган академиянын кызматкери курсанттар "бандиттик түшүнүктөр" менен тарбияланып жатканын көрсөттү деген ойдо.

- Биз кимдерди даярдап жатабыз? Алар кимди коргошот? Эгерде алар кылмыш чөйрөсү менен аралашып кетсе, биз кайда барабыз? Бул маселе боюнча чукул жыйын ИИМде гана өтпөшү керек. Коопсуздук кеңеши чогулуп, абалды жөнгө салышы зарыл. Бул системада башаламандык өкүм сүрүп, мыйзамды эч ким сыйлабай калганын көрсөттү. Анда түрмөлөрдө эмне болуп жатат?

Тогусов министрликти реформалоо бир гана «полициянын формасын алмаштыруу менен чектелип калды» деп эсептейт.

«Аскерий агайлар» аттуу ардагерлер кеңешинин жетекчиси, запастагы полковник Сергей Пашевич эки жыл мурда 14 жаштагы кызы менен полицияга кайрылып, орган кызматкерлеринин шалаакылыгына күбө болгонун айтууда.

Казак полициясынын кызматкерлери.
Казак полициясынын кызматкерлери.

Пашкевич "Казакстанда органга тартипти сактап, мыйзамды коргоо үчүн эмес, акча табуу үчүн барышат" деген түшүнүк калыптанып калганын айтты:

– Акчанын эбин табышат. Полиция элге жардам берип, мыйзамды, тартипти бекем сактаса, абал башкача болмок. Кылмыштардын көбү ачылбай калып жатат. Анан адамдар эмне дешмек эле?

«ИИМди реформалоо үчүн» коомдук кыймылынын өкүлү Ирина Медникова бул тармакты түп-тамыры менен алмаштыруу керектигин белгиледи:

– Биз министрди кызматтан алуу менен бүтүндөй системаны реформалоого болот деп эсептебейбиз. Мында ИИМдин курамын алмаштырган толук кандуу иш жүргүзүлүшү керек. Жаңы кызматкерлер тиешелүү баалуулуктар, квалификация жана этикалык жүрүм-турум боюнча тандалып алынышы абзел. Полиция ачык иштеши керек. Ичинен иликтеп, канчалык чиригенин аныктоого мезгил жетти.

Казакстанда «ИИМде реформа жүргөн жок» деп сындагандарга кошулбагандар да бар.

Парламенттин жогорку палатасынын депутаты Владислав Косарев өзгөрүүлөр акырындык менен болуп жатканын айтты:

– Албетте, реформа жүрүп жатат. Силер кандай ойлодуңар эле? Бүтүндөй коом жаңылана баштады. Көңүл коюп карасаңар, жоопкерчилик жогорулап, суроо-талап көбөйдү. Аларда эмгек акы жаңы шартта төлөнө баштады. Айлыктан 10 пайыз кыскартылып, ал акча жоопкерчиликтүү иштегендерге берилет.

2-январда Казакстандын ИИМнин өкүлү Алмас Садубаев полициянын ишин модернизациялоо боюнча жол картасы кабыл алынгандыгын, жакын арада кызматкерлер аттестациядан өтөрүн кабарлаган.

– Алгач беш полиция академиясынын мугалимдери өтөт. Сапаттуу жана эффективдүү мугалимдик курамды түзүү үчүн катаалдаштырылган баалоо системасы киргизилет. Мугалимдик курамды күчтөндүрүү менен мыкты полициячыларды даярдаса болот. Жалпысынан казак полициясынын баркын көтөрүү үчүн чоң иштер жасалат. Жарандарыбыз муну баалашат.

Укук коргоочу Бахытжан Торегожина менен саясат таануучу Айдос Сарым өзүн «банда» деген полициячынын видеосу «системада бандиттик түшүнүктөр орун алгандыгынан кабар берет» деген ойду колдошот.

- Мындай көрүнүш ар бир полиция бөлүмүндө бар. Алар акыйкаттыкты колдорунда кармап турушкандай. Бул идеологияга айланган. Видеодогу офицер ар бир полициячы эмнени ойлорун ачыктап койду, - дейт Торегожина.

Айдос Сарым бүгүнкү казак полициясы эски түшүнүк менен жашап жаткандыгын айтты:

Айдос Сарым.
Айдос Сарым.

– Биздин полиция мамлекеттик кызыкчылык, мыйзамга кызмат кылуу, аны коргоо сыяктуу принциптерден алыстап, эски түшүнүктөр менен жашап жатат. Бул Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында «Гитлерге салам жолдойбуз» деп кыйкыргандай эле кеп да. Бул ачык эле душмандардын идеологиясын мактап-жактоо. Мындай "идеология" командирден курсанттарга, курсанттардан лейтенанттарга өтүп жаткан турбайбы.

Саясат таануучу коррупция боюнча Казакстандан ашып өткөн өлкөлөрдө да ИИМ системасы толук өзгөргөн учурлар болгонун эске салды. Ал мекенинде мындай реформа эртеби-кечпи болоруна ишенет.

– Эгерде чындап киришсе, жасаса болот. Маселе мындай каалоонун жоктугунда. Азыркы саясий система ушундай полицияга таянат. Бардык авторитардык режим акыры коллапска учураган. Бирөөнү кое берсең, экинчиси, анан үчүнчүсү бошонот деген түшүнүк бар. Андан улам "өлкөнү башкара албай калам" деген коркунуч пайда болот.

Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов.
Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов.

2018-жылдын декабрь айында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев журналисттер менен өткөн жыйында полициянын жаңы имиджин түзүп, алардын эмгек акысын көтөрүп, социалдык пакет менен камсыздоо керектигин айткан.

Акыркы жылдары казак ИИМнин кызматкерлери улам бир чырга кириптер болуп келет. Былтыр күзүндө полициячы өзүнүн кесиптешине карай табелдик куралдан ок аткан эки окуя катталган.

Октябрь айында жогорку кызматтагы эки полициячы коррупциялык иштер боюнча камакка алынган. Дагы бир полициячы Акмола облусундагы май куйган жайды карактоого катышкан деп айыпталган.

61 жаштагы Калмуханбет Касымов Казакстандын Ички иштер министрлигин жети жылдан бери башкарып келет. Ал полициянын чектен чыккан окуялары тууралуу бир да жолу пикирин билдирген эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG