Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Фигуристтин өлүмү боюнча сот башталды


Маркум фигурист Денис Тен.
Маркум фигурист Денис Тен.

Алматыда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектүү катары кармалган үч кишинин соту башталды. Алар бейшембидеги алгачкы соттук териштирүүдө негизги айыпты четке кагышты. Маркумдун жактоочулары белгилүү фигурист буюртма менен өлтүрүлгөнүн айтышууда.

Таанымал фигурист, Олимпиаданын медалисти Денис Тен киши колдуу болгондон беш жарым ай өткөндөн кийин анын өлүмү боюнча алгачкы соттук териштирүү бейшемби күнү Алматыда өттү.

Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза болгон.

3-январда башталган соттук териштирүүдө прокурорлор спортчунун өлүмүнө шектүү катары кармалган үч казак жаранына кандай айыптар коюлуп жатканын айтып беришти.

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Арман Кудайбергеновго "Уурулук", "Каракчылык" жана "Киши өлтүрүү" беренелери менен, аны менен жашташ Нурали Киясовго "Каракчылык" жана "Каракчылык менен коштолгон киши өлтүрүү" беренелери менен айып коюлууда. Ал эми жети айлык боюнда бар экенин айткан 23 жаштагы Жанар Толыбаева "уруулук кылган топтун иштерине катышкан" жана "кылмышты полицияга билдирген эмес" деген негизде соттолуп жатат.

Прокурор Куандык Досов айыпталуучу Арман Кудайбергенов автотетиктерди уурдаганы үчүн буга чейин эки жолу жоопко тартылганын, ал Тенге анын автоунаасынын күзгүсү үчүн бычак урганын айтты:

- Тен өзүнүн автоунаасынын жанындагы бейтааныш адамды көрүп, анын колунан күзгүнү алууга аракет кылган. Өз кезегинде Кудайбергенов күзгүнү Тендин колунан тартып алып, качып кеткен. Тен аны спорт аянтчасынан кууп жеткен. Кудайбергенов өз керт башынын пайдасын ойлоп, спортчунун санына, артериясы тушка эки жолу бычак урган. Натыйжада анын өмүрүнө коркунуч келип кансырай баштаган.

Фигуристтин өлүмү боюнча соттолуп жаткандар.
Фигуристтин өлүмү боюнча соттолуп жаткандар.

Ал эми Кудайбергенов ал күнү Тендин унаасынын күзгүсүн уурдап кетүүгө аракет кылганын мойнуна алганы менен киши өлтүрүү ниетин болбогонун билдирди:

- Мен уурулукту мойнума алам, бирок киши өлтүрүүнү четке кагам. Менде андай ниет болгон эмес. Үчүнчү эпизод боюнча, менин күзгүнү алганым чын. Бирок киши өлтүрөйүн деген оюм да болгон эмес. Мен адамдын саламаттыгына зыян келтирген жокмун.

Экинчи соттолуучу Киясов да өзүнө коюлган айыптарды четке кагаарын айтты. Ал эми Толыбаева Тенге бычак сайылганын билбегенин, жогорудагы эки адамга кошулуу менен кылмышка баратканын да аңдабаганын айтып, өзүнө коюлган айыптарды өзгөртүүнү суранды.

Өткөн айдагы баштапкы соттук отурумда маркум фигуристтин апасы Оксана Тендин адвокаты Нурлан Устемиров жаш спортчу буюртма менен өлтүрүлгөнүн, бул кол салуунун артында турган шыкакчылар менен уюштуруучулар көз жаздымда калып жатканын билдирген.

Устемиров бейшемби күнү кылмыш ишинде бир катар карама-каршы жагдайлар бар экенин айтып, аларга толугураак кийинки соттук териштирүүлөрдө токтолоорун белгиледи:

- Иш материалдарынын арасында видео тасма бар. Ал жакынкы ресторан, кафелерден алынган. Бул тасманы алдыда көрөсүңөр.

Денис Тенди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 27-июль, 2018-жыл.
Денис Тенди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 27-июль, 2018-жыл.

Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.

Анын таламандын так түшүндө киши колдуу болушу казак коомчулугунда чоң резонанс жаратып, кылмыштуулукка каршы күрөш начарлаганын айткандар менен укук коргоо органдардын ишин сындагандардын катарын калыңдаткан.

Белгилүү спортчунун өлүмү боюнча соттук териштирүү жумасына төрт күн, үч сааттан өтүп турмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG