Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

Жээнбеков: Шайлоодон кийин реформа башталат, мамлекеттик органдарда өзгөрүү жана кыскартуу болот


Өкмөт үйү. Бишкек шаары.
Өкмөт үйү. Бишкек шаары.

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-августта КТРКнын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде Кыргызстанда административдик-аймактык "реформа жүргүзүлөт" деп билдирди.

«Административдик-аймактык реформа боюнча өтө көп айтылып келген. Буюрса, болот. Буга биз даярбыз», - деген президент мындай реформа буга чейин ар кандай себептер менен жүргүзүлбөй келгенин айтты.

«Парламенттик шайлоо өткөн соң бул реформага киришебиз. Ошондо бири-бирин кайталаган бир топ мамлекеттик органдар жоюлуп, өзгөрүүлөр жана кыскартуулар болот».

Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясы жеке сектор да, ишкер чөйрө да, мамлекеттик органдар да өз ишин өзгөртсө болорун жана өзгөртүшү керек экенин көрсөткөнүн белгиледи.

Мамлекеттик органдарды реформалоо тууралуу убадалар буга чейин айтылып келгени менен ишке ашкан эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG