Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:32

УКМК кармалган өзбекстандык журналист издөөдө жүргөнүн билдирди


Бобомурод Абдуллаев сот залынан бошотулгандан кийин. 7-май, 2018-жыл.
Бобомурод Абдуллаев сот залынан бошотулгандан кийин. 7-май, 2018-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 10-августта өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин кармалышы тууралуу маалымат берди.

Анда өзбекстандык жаран 8-августта 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу Минск конвенциясынын алкагында кармалганы жазылган.

Кармалган адам бир катар кылмыштар үчүн Өзбекстандын укук коргоо органдарынын издөөсүндө жүргөнү белгиленген. Маалыматка караганда, 1973-жылы туулган өзбекстандык жаран УКМКга камакка алынган. Учурда Башкы прокуратура анын баш коргоо чарасын аныктап жатат. Өзбекстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселелери каралууда.

10-августта Биринчи май райондук сотунда Абдуллаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу жана бөгөт чарасы карала турганын анын адвокаты Тимур Карабаев “Азаттыкка” билдирген.

Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Абдуллаев "Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган" деген шек менен 2017-жылы 27-сентябрда Ташкентте атайын кызмат тарабынан кармалган.

2018-жылы май айында Ташкент шаардык соту аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. (NT)

XS
SM
MD
LG