Беларуста президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын штабы жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги Тихановскаянын басма сөз катчысы Анна Красулинага шилтеме кылып кабарлады.
«Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарыялаган шайлоонун жыйынтыгы чындыкка дал келбейт», - деп билдирди Красулина.
Президент Лукашенконун башкы атаандашынын шайлоо штабынын өкүлдөрү белгилешкендей, 9-августтагы президенттик шайлоодо Тихановскаяга шайлоочулардын 70-80% добуш берди. Бүгүн талапкердин кеңешчилери атайын брифинг өткөрүп, кийинки кадамдарын жарыялай турганы белгилүү болду.
Беларус БШКсы 10-августта жарыялаган баштапкы жыйынтыктарга ылайык, өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко добуштардын 80,23%, Светлана Тихановская 9,9% алды. Калган үч талапкердин ар бири 2% жетпеген көрсөткүчкө ээ болду.
Жекшембинин кечинде жана дүйшөмбүгө караган түнү Беларустун көпчүлүк шаарларында добуштар бурмаланганын айткан миңдеген адамдар көчөгө чыгып, алардын айрымдары полиция менен кагылышты.