Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Текебаев менен Чотоновдун соту 12-августка жылды


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 1-август, 2020-жыл.
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 1-август, 2020-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту 12-августта уланмай болду.

Мындай чечимди сот бүгүн, 10-августка белгиленген жараянда мамлекеттик котормочунун келбей калганына байланыштуу кабыл алды. Сотто котормочунун кызматын колдонуп келген Өмүрбек Текебаев мамлекет ага акча төлөбөгөнүнөн улам жараянга келбей калганын айтты.

Өмүрбек Текебаев 27-июлда пневмониядан дарыланып, ооруканадан чыккан. Анын эки жума үй шартында дарылануу мөөнөтү 10-августта аяктаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Текебаев ооруканадан чыккан күндөн тартып үч жолу жараян дайындаган.

Текебаев менен Чотоновдун адвокаттары муну бийлик 4-октябрда боло турган шайлоого чейин чечим чыгарууга аракет кылып жатат деп баалап жатышат.

Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат. (NT/AiB)

XS
SM
MD
LG