Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Лукашенко Даниил Урицкий жетектеген ишканага барды


Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Фото: president.gov.by
Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Фото: president.gov.by

Беларустун президенти Александр Лукашенко талаштуу шайлоонун эртеси Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов же кийин атын өзгөрткөн Даниил Урицкий жетектей турганы кабарланып келген ишканага барды.

Лукашенконун бул сапары тууралуу жаңылыкты жана анын Урицкий менен чогуу түшкөн сүрөтүн Беларустун «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги 10-августта жарыялады. Ал жаңылыкта Лукашенко Урицкий жетектеген «Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын» (БНБК) ишин жогору баалаганы белгиленди.

Лукашенко менен Урицкий чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Расмий пресс-релизде БНБК ишканасы тууралуу сөз болгону менен Урицкийдин аты аталган жок.

Эки жыл мурда Беларустун «TUT.BY» басылмасы аталган агрардык корпорацияны Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго окшош киши жетектей турганын, анын аты Даниил Урицкий экенин билдирип чыккан. Былтыр «БелаПАН» маалымат агенттиги агрардык корпорациянын 22,5% ээлик кылган шотландиялык эки компания Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевге таандык экенин жазган.

Быйыл июнь айында Беларус президенти Александр Лукашенко Курманбек Бакиевге «Заславль–2» резиденциясынын жанынан 70 сотых эки жер тилкесин бөлүп бергени ачыкка чыккан. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Беларуска качкан Бакиевдердин үй-бүлөсү жана Данияр Үсөнов Беларустун журналисттери таап чыккан жогорудагы маалыматтар боюнча расмий түшүндүрмө берген эмес.

Беларус БШКсы 10-августта жарыялаган баштапкы жыйынтыктарга ылайык, өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко добуштардын 80,23%, анын башкы атаандашы Светлана Тихановская 9,9% алды. Калган үч талапкердин ар бири 2% жетпеген көрсөткүчкө ээ болду. Бирок Тихановскаянын штабы шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок.

Жекшембинин кечинде жана дүйшөмбүгө караган түнү Беларустун көпчүлүк шаарларында добуштар бурмаланганын айткан миңдеген адамдар көчөгө чыгып, алардын айрымдары полиция менен кагылышты.

XS
SM
MD
LG