Транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев 10-августтагы брифингде Кыргызстандагы чуулгандуу жол курулуштары тууралуу маалымат берди. Анын билдирүүсүнө караганда, бир канча жылдан бери курулуп бүтпөй келаткан Балыкчы-Корумду жолунун курулушунун 70% аяктап калды.
Жол салып жаткан кытайлык «Лоң Хай» компаниясы жумушчулардын айлык акысын төлөп берүүгө убада берди. Бердалиев пандемияга байланыштуу компаниянын өкүлдөрү Кытайдан келе элек экенин кошумчалады.
2015-жылы башталган бул жол - өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Аны кытайлык «Лоң Хай» компаниясы куруп жатат.
Буга чейин жалпы узундугу 104 чакырымды түзгөн жолду оңдоого жетиштүү каражат бөлүнбөй, бир топ чыр чыккан. Маселени парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеп, жол чырынан улам мурдагы премьер-министр Темир Сариев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Балыкчы-Корумду жолунун курулушчулары буга чейин өз убагында маяна берилбей жатат деп тынымсыз нааразылык билдирип, бир нече жолу иш ташташкан.
Өкмөт былтыр Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоо иши 2020-жылы аяктай турганын билдирген. (NT)