Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Сот өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин бөгөт чарасын жабык карап жатат


Бобомурод Абдуллаев.
Бобомурод Абдуллаев.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ушу тапта өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин бөгөт чарасы жабык каралууда.

Сотко кирердин алдында Абдуллаев журналисттерге өзү мыйзамсыз өтүнүч менен кармалганын жана күнөөсүз экенин билдирди.

«Өтүнүчтүн өзү мыйзамсыз. Мыйзамсыз кармоо. «Кара мерген деген лакап ат менен макала жазды» деп, 23-июлда сот өткөрүп, мага сырттан айып коюшту»,- деди ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын өкүлү (УКМК) Рахат Сулайманов издөөдө жүргөн Бобомурод Абдуллаев 8-августта Өзбекстандын өтүнүчү менен кармалганын «Азаттыкка» ырастады.

Журналисттин адвокаты Тимур Карабаев өзбек укук коргоо органдары аны Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирди.

Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Бобомурод Абдуллаевди атайын кызмат 2017-жылы 27-сентябрда «Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен Ташкентте кармаган. 2018-жылы май айында Ташкент шаардык соту аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон. (NT)

XS
SM
MD
LG