Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-сентябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 12:07

Музей иши боюнча шаардык соттогу жараян бул жолу да болбой калды


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков музейдин фонунда.

11-августта Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча Бишкек шаардык сотунда өтчү жараян болбой калды.

Бул иште айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу отурум дагы бир айыпталуучу Мира Карыбаева ооруп сотко келбегендигине байланыштуу 18-августка жылдырылганын билдирди.

Анын сөзүнө караганда, шаардык сот ишти кароо процессине кирише элек. Буга чейин жабырлануучу тарап катары өтүп жаткан мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү келбей калгандыктан сот жылдырылган. Автандил уулу андан кийин өзү сыркоолоп сот эки жолу кийинкиге калтырылганын айтты.

Сапар Исаков Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган. 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыппул салган.

Музей иши боюнча Исаков менен кошо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппул салынган.

Бул иште башынан эле күнөөсүз экенин айтып келе жаткан Сапар Исаков менен Мира Карыбаеванын адвокаттары мындан кийин шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG