Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жугузуп алганы ырасталган адамдардын саны 20 миллиондон ашты. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен баш-аягы 736 миң киши көз жумду.
Дүйнөдөгү коронавирустун тастыкталган учурларынын төрттөн бири АКШга туура келет. 11-августка карата вирус жугузуп алгандардын саны беш миллион 94 миң кишиге жетти. Алардын 163 миңден ашууну кайтыш болду.
Кошмо Штаттарда COVID-19 илдети июль айында күчөгөнү менен соңку күндөрү кайра басаңдап баратканы кабарланууда. Ошентсе да бул өлкөдө бир күн ичинде вируска чалдыккандардын саны 40 миңден төмөндөй элек.
Илдеттин жайылышы боюнча Кошмо Штаттардан кийинки экинчи орунда турган Бразилияда үч миллион 57 миң киши коронавирусту жугузуп алса, алардын 101 миңден ашууну көз жумду. Үчүнчү сапта турган Индияда вируска чалдыккан эки миллион 268 миң кишинин 45 миңдейи каза болду.