Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Евробиримдик Беларусту санкциялар менен опузалады


Шайлоо жыйынтыгына нааразылык акциясынын катышуучусу каза болгон жерге адамдар гүл коюшууда. 11-август, Минск. 2020-жыл.
Шайлоо жыйынтыгына нааразылык акциясынын катышуучусу каза болгон жерге адамдар гүл коюшууда. 11-август, Минск. 2020-жыл.

Евробиримдик шайлоо жыйынтыгынын бурмаланышы, негизсиз камоо жана каршылык акцияларынын катышуучуларына күч колдонуу үчүн Беларус бийлигинин өкүлдөрүнө каршы санкция киргизерин эскертти.

Бул тууралуу биримдиктин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел билдирди. Билдирүүдө 9-августта Беларуста өткөн президенттик шайлоо адилетсиз, бурмалоо менен өткөнү, ЕККУга кирген өлкөлөр карманууга тийиш болгон талаптарга жооп бербей тургандыгы баса белгиленген.

«Мындан тышкары беларус бийлиги каршылык акцияларынын катышуучуларына күч колдонуп, бир кишинин өлүмүнө алып келди» деп жазылган билдирүүдө Евробиримдик Беларус бийлигин кармалгандарды токтоосуз коё берүүгө чакырган.

Польша, Литва, Украинанын тышкы иштер министрлери да бийликти жарандык коом менен тил табышууга үндөп, зарылчылык болсо диалог курууга ортомчулук кылууга даяр экенин билдиришкен.

9-августта Беларуста өткөн президенттик шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенко добуштардын 80,2%, Тихановская 10% жакынын алганын БШК билдирген.

10-августтун кечинде Минск баштаган бир нече шаарларда шайлоонун мындай жыйынтыгына нааразылык билдирген адамдар кайрадан көчөгө чыгышты. 11-августка караган түндө баш калаада милиция менен кагылышууда бир адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG