Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

Беларустун Жогорку соту нааразылык акцияларында камалгандардын тизмесин жарыялады


Тергөө абагынан жакындарынын чыгышын күтүп турган адамдар. Минск, Беларус. 13-август, 2020-жыл.
Тергөө абагынан жакындарынын чыгышын күтүп турган адамдар. Минск, Беларус. 13-август, 2020-жыл.

Алар 9-августтун кечинде кармалып, административдик жоопкерчиликке тартылган. Айрым адамдарды сот төрт күнгө, айрымдарын 25 күнгө камакка алууга чечим чыгарган. Тизмедегилердин басымдуу бөлүгү -15 күнгө камалгандар.

Жогорку соттун тизмеси - Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп, көчөгө чыккан адамдардын кармалышы тууралуу алгачкы расмий маалымат.

Буга чейин Ички иштер министрлиги нааразылык акцияларында коомдук тартипти бузганы үчүн жети миңдей адам кармалганын билдирген.

Бирок Жогорку соттун тизмесинде Минскиде кармалып, соттолгон гана адамдар камтылган. Айрым адамдардын жакындары алар кайда, качан кармалганын, учурда кайсы жакта камалып турганынан кабар ала албай жүрүшкөнү айтылууда. Жогорку соттун тизмесинде 18, 19 жаштагы адамдар да бар. Тизмеде ошондой эле ондогон аялдардын да аттары жазылган.

Беларустун баш калаасы Минскиде жана башка шаарлардагы нааразылык акциялары бешинчи күн катары менен уланды.

Полиция демонстранттарды суу бүркүп, жаш агызчу гранаталарды, желим окторду аткылап кууп таратууда. Расмий маалыматтарга караганда, ооруканаларга түрдүү жараат менен 250 адам кайрылган. Алардын айрымдары кармалган учурда сабалганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG