Бүгүн, 15-августта «Урал авиалиниялары» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург – Бишкек каттамы менен Кыргызстандын 162 жараны, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск-Ош каттамы менен Кыргызстандын 150 жараны мекенине кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Кечээ, 14-августта «Авиа Траффик Компани» авикомпаниясынын эки учагы Москва–Бишкек жана Санкт-Петербург – Ош каттамдары менен кыргызстандык 312 жаранды алып келген.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан 20 миңден ашуун кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 80ге жакын авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.
Мурдараак Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, Бишкек менен Оштон Орусиянын шаарларына 15-августтан баштап авиакаттам ачыларын билдирген. 30-августка чейин 16 каттам болору кабарланган. (ErN)