Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Роза Отунбаева Кембриж университетинин илимий кызматкери болуп тандалды


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын октябрына чейин Кембриж университетинин Борбор Азия боюнча форумунун жана GCRF-COMPASS программасынын атайын чакырылган илимий кызматкери болуп тандалды. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду кабарлады.

Кембриж университетинин Борбор Азия боюнча форуму (GCRF) чөлкөмдү жана Евразияны изилдөө борбору болуп саналат. Форумда Кембриж университетинин департаменттеринин окумуштуулары, изилдөөчүлөрү жана студенттери бар.

Кембриж университети - дүйнө жүзүндөгү эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири жана коллегиалдуу мамлекеттик илимий-изилдөө университети болуп саналат. Англиядагы Кембриж шаарында жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG