Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Индияда COVID-19 жуккандар үч миллион адамдан ашты


Индияда медкызматкерлер коронавируска анализ алып жатышат. 23-июль, 2020-жыл.
Индияда медкызматкерлер коронавируска анализ алып жатышат. 23-июль, 2020-жыл.

Индияда коронавируска кабылгандар үч миллион кишиден ашты. Анткен менен 1,3 миллиард калкы бар мамлекетте бул көрсөткүч алда канча жогору экени айтылууда.

Соңку аптарда Индияда башка мамлекеттерге салыштырмалуу инфекцияга кабылгандар көп катталып, күнүнө 70 миң адамдын тегерегин түзүп жатат.

Жакында эле өкмөт жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, баш калаа Нью-Дели калкынын 29% антиденече аныкталган. Бирок 11 миллион калкы бар бул шаарда коронавирус менен ооруган 150 миңдей гана адам расмий катталган.

Учурда ооругандар көбүнчө алыскы айылдарда көбөйүп жатканы кабарланды.

Индия коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда. Ал жакта 57 миңдей киши каза болду. Алдыңкы саптарда АКШ, Бразилия жана Мексика жайгашкан.

Түштүк Кореяда илдетке чалдыккандар көбөйүп жатканына байланыштуу Сеул көп адамдар чогулган иш-чараларга тыюу салып, чиркөөлөрдү жана түнкү клубдарды жапты.

Германияда 22-августта коронавирус эки миңден көп адамдан табылганы маалым болду. Бул төрт айдан берки эң жогорку көрсөткүч. Германияда бул вируска жалпы 233 миң адам чалдыгып, тогуз миңден көп адам көз жумду.

Соңку маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери коронавирус 23 миллиондон көп адамдан табылды. Алардын 800 миңге жакыны көз жумду.

XS
SM
MD
LG