Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Талапкерлердин тизмесине байланыштуу мөөнөт бир күндөн соң аяктайт

24-августта Жогорку Кеңешке аттанган партиялар талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек. Кечке чейин алар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тизмелерин тапшырышат. 4-сентябрда бир айлык үгүт иштери башталат.

Кыргыз парламентине шайлоо 4-октябрга белгиленген. 22-августтагы расмий маалыматка караганда, 20дан ашуун партия жыйын өткөрүп, тийиштүү документтерди БШКга берди.

Жогорку Кеңешке ат салышууга алгач 44 партия ниетин билдирип, кээ бирлери түрдүү себептерден улам жарыштан чыкты.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттар партиялык система менен беш жылда бир шайланат. (SE)

XS
SM
MD
LG