Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:36

Москвада беларустарга тилектештик билдиргендерди полиция кармады


Беларустун Орусиядагы элчилигинин жанындагы тилектештик акциясы. 23-август, 2020-жыл. Москва шаары.
Беларустун Орусиядагы элчилигинин жанындагы тилектештик акциясы. 23-август, 2020-жыл. Москва шаары.

Беларустун Орусиядагы элчилигинин алдында тилектештик акциясына чыккандардын арасынан бери дегенде 11 кишини полиция кармап кетти.

«Азаттыктын» орус кызматы «ОВД Инфо» укук коргоо уюмунун кабарына таянып билдиргендей, Москвада 23-августта уюштурулган митингге 100дөн ашуун адам катышты.

Кармалгандардын арасында «Rodonitza» тобунун музыканты да бар. Алардын айрымдары беларус оппозициясы көтөрүп жүргөн ак-кызыл түстөгү байрактын элеси түшүрүлгөн футболка кийип, президент Александр Лукашенкого каршылык билдиришти.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодо Лукашенко жеңгени жарыялангандан соң башталган толкундоолор токтой элек.

XS
SM
MD
LG