Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Жаңы Зеландиядагы мечитке кол салган адам «көбүрөөк киши өлтүргүсү» келген


Брентон Таррант сотто.
Брентон Таррант сотто.

Былтыр Жаңы Зеландиядагы Крайсчөрч шаарында эки мечитке кол салып, 51 мусулманды өлтүргөн адамдын соту башталды.

24-августта өткөн сот жараянда прокурорлор Брентон Таррант үчүнчү мечитке да кол салууну жана мечиттердин баарын өрттөп жиберүүнү көздөгөнүн айтышты.

Башкы прокурор Барнаби Хауз билдиргендей, 29 жаштагы Таррант чабуул планын бир жыл мурда түзгөн, анын максаты «көбүрөөк адамды өлтүрүү» болгон.

Таррант киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет кылуу жана террордук акт боюнча коюлган күнөөлөрдү мойнуна алды. Ал өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраталары күтүлүүдө.

Өлкөдө өлүм жазасы жокко чыгарылган.

2019-жылы 15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчөрч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчан адам ок жаадырып кирип барган.

Бул учурда мечиттерде 300 адам болгон. Окуяга шектүү катары Австралиянын жараны Брентон Таррант кармалган.

XS
SM
MD
LG