Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

АКШда Республикалык партиянын жыйыны башталды


АКШнын президенти Дональд Трамп жана вице-президент Майк Пенс Республикалык партиянын жыйынында. 24-август, 2020-жыл. Шарлотт шаары.

Кошмо Штаттарда 24-августта Республикалык партиянын төрт күндүк жыйыны башталды. Коронавирус пандемиясына байланыштуу иш-чара Түндүк Каролина штатынын Шарлотт шаарында онлайн өтүп жатат. Анда республикачылар Дональд Трампты экинчи мөөнөткө расмий көрсөтүшөт.

Жыйында сүйлөгөн Трамп жана башкалар демократтардын талапкери Жо Байден шайланса, өлкө экономикалык жана саясий башаламандыкка кабыларын айтышты.

Президент Дональд Трамп ноябрда өтө турган шайлоонун тазалыгы боюнча күмөн санап жатканын билдирди. Пандемияга байланыштуу добуш берүү негизинен почта аркылуу жүргүзүлөрү кабарланууда. Ал мындай учурда шайлоонун жыйынтыгы бурмаланышы мүмкүн деп эсептейт.

«Бул шайлоодо бизди жеңүүнүн жалгыз жолу - анын жыйынтыктарын бурмалоо. Биз бул шайлоодо утулалы деген жокпуз», - деди Трамп.

Көз каранды эмес эксперттер АКШда добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо мүмкүн эмес экенин айтышууда.

Жыйындын биринчи күнүндө Майк Пенс вице-президенттикке расмий көрсөтүлдү.

Дональд Трамп коронавирус кризисине байланыштуу көп сынга кабылып келет.

Демократиялык партиянын жыйыны өткөн жумада болгон. Анда Жо Байден президенттикке талапкер катары расмий көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG