Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Кыргызстанда чакан бизнес ээлери бир жылга салыктан бошотулат


Өкмөт Үйү.
Өкмөт Үйү.

2021-жылдын 1-январынан тартып чакан бизнес үчүн жаңы салык режими киргизилет: эгер товар айлануу көлөмү сегиз миллион сомго чейин болсо, ишкер салык отчётун бербейт. Биринчи жылда салык ставкасы 0% түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирип, муну «бизнеске жакшы колдоо» деп баалады.

Андан тышкары, бирдиктүү салык декларациясы жөнөкөйлөштүрүлөт. Импорт товарларга электрондук декларация иштей баштайт.

Мурдараак Мамлекеттик салык кызматы патентти жана камсыздандыруу полисин бир документке бириктирип, онлайн бере баштаган.

Боронов санариптештирүү жаатындагы иштер жарандар үчүн ыңгайлуу чекке жеткенче улантыла берерин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG