Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Кеношадагы башаламандыкта эки киши өлгөнү кабарланды


АКШнын Кеноша шаарындагы нааразылык акциясындагы атышууда бери дегенде эки адам каза болду. Калаада 23-августтан бери нааразылык уланууда.

Висконсин штатындагы бул шаарда полиция кызматкери 29 жаштагы афроамерикалык Жейкоб Блейкти атып жибергендиктен нааразылык акциялары башталган. Ал өзү ооруканада.

Акцияга чыккандар автоунааларды, имараттарды өрттөп, полиция кызматкерлерин ташбараңга алышкан. Күч түзүмдөрү көздөн жаш агызчу газ жана башка атайын каражаттарды колдонушкан.

BBC кабарлагандай, 25-августта акцияга чыккандар менен май куюучу станциянын коопсуздук кызматкерлери атыша кетишкен.

Штат губернатору Тони Эверс Улуттук гвардиянын аскерлерин жардамга чакырып, комменданттык саат киргизгенине карабай, нааразылык токтогон жок.

26-августта чыккан айрым маалыматтарга караганда, полиция кызматкери жарадар кылган Жейкоб Блейктин колунда ошол маалда бычак болгон. Ага карата жыныстык ыдык көрсөтүү, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сот иштери бар экени айтылууда.

Полиция азырынча комментарий берген жок. Бирок окуяга катышы бар үч кызматкер административдик эс алууга жөнөтүлгөнү кабарланды.

27-майда Миннеаполис шаарында полициянын колунан каза болгон афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин да өлкөдө ири нааразылык акциялары уюштурулган.


XS
SM
MD
LG