Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:31

USAID үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды колдоого грант бөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) COVID-19 пандемиясы учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды коргоо жана колдоо үчүн Кыргызстандагы 11 уюмга 230 миң доллар грант бөлүп берди.

«Абийир эл» (Ысык-Көл), «Активист» (Баткен), «Аялзат» коомдук бирикмелери (Талас), «ДИА» (Ош), «Каниет» кризистик борбору (Жалал-Абад), «Нуржолбер» (Ысык-Көл), «Аялдарды колдоо борбору» (Бишкек шаарынын жаңы конуштары жана Чүй), «Аял судьялардын ассоциациясы», «Ачык линия» жана «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук фонддору грант алмай болду.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, бул каражат баш калкалоо жайларын кеңейтүүгө, жабыркагандарга психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүгө жана башка иштерге колдонулат. Грант USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору алкагында бөлүндү.

Буга 2020-жылдын март айында башталган пандемияда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшү түрткү болгон.

«COVID-19 пандемиясы дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун кыйла көбөйүшүнө алып келди» деп жазылган элчиликтин маалыматында.

Грант үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин ишин чыңдап, өлкөнүн аймактарында дагы кошумча 13 комитет түзүүгө да жумшалат. Комитеттерди үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабыркаган адамдарды колдоо максатында жергиликтүү бийлик органдары түзөт. Азыр Кыргызстанда мындай 88 комитет бар.

Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары буга чейин пандемияда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук күч алганын билдирип чыгышкан. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG