Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:15

Коронавирустан каза болгондордун жакындары бийликке нааразы


Таластагы дарыгерлер коронавирус менен ооруган бейтапты дарылап жаткан учур. 9-июль, 2020-жыл.
Таластагы дарыгерлер коронавирус менен ооруган бейтапты дарылап жаткан учур. 9-июль, 2020-жыл.

27-августта Бишкекте коронавирус илдетинен каза болгон айрым адамдардын жакындары басма сөз жыйынын өткөрүп, пандемияда көз жумган миңден ашык адамдын өлүмүн иликтөөнү бийликтен талап кылышты. Басма сөз жыйынына катышкандардын бири Айболот Айдосов «эмне курмандыктар көп болду», «алардын өлүмүнө ким жооп берет» деген суроо салды. Иш-чаранын дагы бир катышуучу Мира Айткулова атасын туура эмес дарылагандыктан каза болуп калды деп эсептейт.

«Менин атам коронавирус болуп үйдөн ооруп калды. Анан аны дарылоого госпиталга алып бардык. Ал дарыланууга жакшынакай дем алып, өзү басып барды. Мен оорукананын ичинен көрдүм, дарыгерлерден уктум. Менин атамды туура эмес дарылашкан. Азыр менде Саламаттык сактоо министрлигине суроом бар», - деди Айткулова.

Азырынча нааразы болгондордун сын-пикирине бийлик үн ката элек.

Расмий маалыматка караганда, коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпысынан 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

27-августка карата коронавирус жугузуп алгандар 43459 адамга жетти. Анын 37492си айыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG