Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

«Кыргызстан» партиясы сотто бир талабынан баш тартты


«Кыргызстан» партиясынын тарапташтары. 27-август, 2020-жыл.
«Кыргызстан» партиясынын тарапташтары. 27-август, 2020-жыл.

27-августта Бишкектин административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын карап жатат.

Партиянын өкүлү Александр Мощин БШК партиянын документин артка кайтарып беришин туура эмес деп эсептеп, БШКнын чечимин жокко чыгарууну жана аталган партияны каттоого милдеттендирүүнү суранды.

Ишти карап жаткан Чолпон Досмамбетова сот Боршайкомду партияны каттоого алууну милдеттендирүү боюнча укугу жок экенин эскертти. Партия өкүлү ал талабынан баш тартты. Учурда БШКнын 25-августтагы чечимин жокко чыгаруу боюнча талап каралып жатат.

Сотко катышып жаткан БШКнын өкүлү Кубат Үмөталиев партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ордуна башка адамды дайындоо боюнча эки башка ишеним кат берилгенин билдирди. Анын айтымында, «Кыргызстандын» өкүлдөрү бүгүн сотко башка ишеним кат, ал эми 25-августта БШКнын мүчөлөрүнө башка ишеним кат берген. БШК өкүлү судьядан бул жагдайды эске алууну суранды.

Сотко «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү Канатбек Исаев, Талант Мамытов катышууда. Талант Мамытов БШКнын каттоо дептеринде башка партиялардын документ тапшырган жазуулары оңдолгонун, 17:58-17:59 берилгенин алар да айтып чыкты. Ал «Социал-демократтар» партиясын мисал келтирди. Мамытов БШК шайлоодогу атаандаш партиялардын басымынан улам ушундай чечим кабыл алды деген пикирин айтты

27-августта Бишкектин административдик сотунун алдына бир нече саясий партиянын мүчөлөрү, жарандык активисттер чогулду. Соттун алдына чогулган «Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү соттордон басым алдында эмес, калыс чечим чыгарууну талап кылышууда. Ал эми ага каршы бир нече партиялардын өкүлдөрү соттон БШКнын чечимин колдоону талап кылып жатышат.

БШК 25-августта «Кыргызстан» партиясы «шарттарды бузган» деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган. Ага чейин, 24-августта партиялардан тизмеге байланыштуу тийиштүү документтерди кабыл алуу аяктаган. 17 партия документ тапшырганы расмий кабарланган. (BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG