Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Парламенттин эки депутаты мандатын тапшырды


Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Жунус уулу Алтынбек жана «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Данияр Төлөнов мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышты.

Бул депутаттар 7-чакырылыштагы парламенттик шайлоого аттанышты. Акыркы үч-төрт айда парламенттин он чакты депутаты кийинки чакырылышка ат салышуу үчүн мөөнөтүн аяктабай эле мандатын тапшырды.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү дээрлик аяктап калганда парламенттеги орун алмашуу коомчулуктун сынына кабылып, депутаттык кызмат жана мандаттын мааниси боюнча маселе козголду.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча өлкөдө беш жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттары шайланат. Азыркы, VI чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика - Ата Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү-Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген. (TSh)

XS
SM
MD
LG