Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Бекешев: партиялардын үгүтчүлөрүнө паспорттогу маалыматтарды бербегиле


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Парламент депутаты Дастан Бекешев жарандарды шайлоо үгүтү жүрүп жатканда паспорттогу маалыматтарды бербөөгө чакырды. Депутаттын айтымында, өлкөдө шайлоо алдында партиялардын үгүтчүлөрү жарандардын паспортторун чогултушу кеңири жайылган. Депутат азыр мындай иштерге мамлекеттик кызматкерлер да тартылып жатканын угуп жатат. Бекешев паспорттогу жеке маалыматтарды бөлөк адамдарга бейчеки берүү ал жаранга кийин бир топ маселе жаратышы мүмкүн экенин эскертти:

«Партиялар ар кандай акчасын үгүтчүлөр аркылуу чыгаша кылышат. Ошондой эле ушундай паспортту алып, ал жаранга акчаны чыгышташат. Бул шайлоо маалында. Ал эми келечекте ал маалыматтар кимдин колуна түшөт? Балким ошол киши насыя алганга пайдаланат, ал паспорт менен симка алып, туура эмес пайдаланат. Керек болсо өзүнүн нотариусун таап, ишкана ачып, салыктан качат».

Депутат Дастан Бекешев үгүт маалында жарандык коом мындай көрүнүштөргө катуу көзөмөл салышы керек экенин белгилейт.

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары партиялык тизме аркылуу беш жыл сайын шайланат. Кезектеги шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. (TSh)

XS
SM
MD
LG