Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эместигин билдирип, кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылды.
Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, арыз 28-августта кечке жуук берилди.
Бишкектин административдик соту 27-августта «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы жазган арызын канааттандырган.
Мындан кийин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектин административдик сотунун чечимине макул эмес экенин жана жакын арада кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрыларын маалымдаган.
БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок шарттарды бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган. Буга документтерди кечигип тапшыруу жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн келбегенине байланыштуу себептер негиз болгон.
«Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган. Сот чечимине жарандык активисттер жана башка айрым партиялардын өкүлдөрү нааразы болуп, мөөнөтсүз митинг өткөрө турганын айтышууда.
Кыргызстандын 120 мандаттуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. (ZKo)