Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

Өзбекстан Орусиядан жарандарын алып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурат


Москвадан Ташкенге чартердик учак менен учуп жаткан жүргүнчүлөр. 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Москвадан Ташкенге чартердик учак менен учуп жаткан жүргүнчүлөр. 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын коронавируска каршы штабы 31-августтан 30-сентбярга чейинки аралыкта чет өлкөлөрдөн жарандарын алып келүү тартибин жарыялады.

Ага ылайык, сентябрь ичи чет мамлекеттерден келе албай калган өзбекстандыктарды алып келүү максатында жалпы 100 чартердик каттам уюштурулат. Анын ичинде Орусиядан келе албай жаткан өзбекстандыктарды алып кетүү үчүн 35 чартердик каттам бар.

Орусиянын шаарларынан тышкары Дубай, Минск, Нью-Йорк, Сеул, Стамбул жана Франкфурттагы өзбекстандыктар да үйүнө жеткирилет.

Мурдараак Өзбекстандын Транспорт министрлиги сентябрдан тарта эпидемиологиялык кырдаал турукташкан айрым өлкөлөр, анын ичинде Беларус, Казакстан, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдарын жандантарын маалымдаган.

Министрликтин маалыматына караганда, март айында эл аралык каттамдар токтотулгандан бери Өзбекстандын чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан 100 миңге чукул жараны мекенине кайтарылган. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинген.

XS
SM
MD
LG