Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери кычкылтек концентраторун тартуулашты


Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде тартылган сүрөт. 16-июль, 2020-жыл.
Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде тартылган сүрөт. 16-июль, 2020-жыл.

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана башкы консулдуктары өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине 49 кычкылтек концентраторун тапшырышты. Бул жабдуулар мекемелердин жеке каражатына алынган.

49 кычкылтек концентраторунун 15и президенттик жана өкмөттүк иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына тапшырылды. Калгандары Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Министрлик аны муктаждыгына ылайык өлкөдөгү бейтапканаларга бөлүштүрүп берет.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы июнь-июль айларында күч алып, ооруканаларда кычкылтек концентраторунун жетишсиздиги байкалган. Жарандык коом, кайрымдуулук уюмдары, жеке инсандар тарабынан каражат чогултулуп, кычкылтек концентраторлору сатылып алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG