Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 08:33

АКШдагы кыргызстандыктар өз өлкөсүнө медициналык жабдууларды сатып беришет


АКШдагы кыргызстандыктар Эгемендик майрамын белгилешүүдө. 31-август, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин маалыматына караганда, Нью-Йорк штатында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 7-8 миң АКШ доллары өлчөмүндө керектүү дары-дармектерди сатып алууну чечишкен. Бул жардам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Гансидеги реанимация бөлүмүнө жана №6 үй-бүлөлүк медицина борборуна берилет.

Ал эми Филаделфия шаарындагы кыргызстандыктар медициналык мекемелерге 24 кычкылтек концентраторун жана керектүү дары-дармектерди сатып алууну пландаштырууда. Питтсбургда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү райондук ооруканаларга сегиз, Огайо штатындагы кыргызстандыктар 20 кычкылтек концентратору менен кошо дары-дармектерди сатып беришет. Чикагодогу кыргыз диаспорасынын лидерлери жана мүчөлөрү “Элим, барсыңбы?” фондуна 20дан ашык кычкылтек концентраторун сатып алууга каражат жиберишет.

Флорида штатында жашаган кыргызстандыктар Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканалардын муктаждыктары үчүн 9 миң АКШ доллар которушту. Ошондой эле алар Ысык-Көл облусундагы райондук ооруканалардын биринин 5 дарыгеринин маяналарын төлөп беришет.

Хьюстон шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Бишкектеги байкоо борборлорунун бирине 2 кычкылтек концентраторун сатып алышкан. Калифорния штатында жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү «Аялдар лигасы» уюмуна 10 даанадай кычкылтек концентраторлорун сатып алууга жеткидей акча жиберүүнү чечишти.

Мындан тышкары, АКШдагы кыргызстандыктар тарабынан март айынан бери мекенине жардам катары, медициналык жабдууларды сатып алууга жана азык-түлүк үчүн жалпы 40 миң доллардан ашуун акча жиберилген.

10-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 511 адам катталды. Ушуну менен жалпы оору жуккандардын саны 9,5 миң кишиге чамалады. Оорудан 3134 адам айыкты. 122 киши көз жумду. Пневмониядан 350 бейтап каза болду. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG