Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

БШКнын жумушчу тобу Нарында тартылган тасма боюнча иликтөө баштады


2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоонун логотиби.
2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоонун логотиби.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу Нарын районунун Чет-Нура айылында тартылды деген видеотасманын чоо-жайын иликтөөгө киришти. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жумушчу топто «айыл өкмөт башчысы административдик ресурс колдонгон жана талапкер менен соодалашып, добуш сатып алууга аракет кылышы мүмкүн» деген фактылар каралып жатат. Мыйзам бузуу болгону далилденсе, партия шайлоодон четтелип, айыл өкмөт башчысына кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Буга чейин социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган тасмадан Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүркановго окшош адам топтошкон эл менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Ал жерде «Биримдик» саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкер Улан Бакасов менен соодалашуу болгонун, ал үчүн айылдан кеминде 300 добуш керек экени айтылат. Видеонун биринде айыл тургундары дептерге аты-жөнүн жазып, кол коюп жатканы тартылган.

Тасмада аты аталган айыл өкмөт башчы Азамат Мүсүркановдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок. «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин тизмесинде алтынчы болуп турган Улан Бакасов да маалымат бере элек. Анын расмий өкүлү Майрамбек Өмүрбаев «Фейсбук» аркылуу видеодо айтылгандарды четке какты жана аны «каралоо» деп баалады.

Нарын районунун бийлиги бул тасма боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

120 мандаттуу Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн 17 партия БШКга документ тапшырган. Эреже боюнча партиялар үгүттү шайлоого бир ай калганда, 4-сентябрда башташы керек. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. (MiK)

XS
SM
MD
LG